Эстрада ырчысы Данияр Эрматов 35 жашка толду. Ал өздүк майрамын "Каракол" лыжа базасында өткөрөт

Февраль айынын биринчи күнүндө жеке майрамын эстрада ырчысы Данияр Эрматов белгилеп жатат. Ал бул күндү "Каракол" лыжа базасында жакын досторунун катышуусунда өткөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын менеджери Нурел Казакбаев билдирди.

"Аны туулган күнү менен биринчилерден болуп келинчеги жана жакын достору куттуктаган. Азыр жакын достору менен Караколдо жүрөт. Өздүк майрамын ошол жактан тосуп, ал жакта 3 күн болот. Түнкү 12ден бери жакындары, достору, сахналаштары, күйөрмандары тарабынан аябай көп куттуктоо келип, жакшы сөздөр арналып жатат. Учурдан пайдаланып ар бирине ыраазычылык айтабыз", - дейт ал.

Ырчы 1989-жылдын дал ушул күнү Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында жарык дүйнөгө келген.

Мектепти аяктаган соң Оштогу Кыргыз-Кытай гуманитардык институтунун бажы бөлүмүнө тапшырган.

Данияр Эрматов калың журтка "Токто жаным" деген ыры менен белгилүү болгон. Мындан сырткары "Кечир мени", "Көңүлүмдөн калдың", "Адам бойдон калгын өзгөрбөй", "Жалгызым", "Жүрөгүм", "Неге?" жана башка ырлары эл оозуна алынган.

Ырчылыктан сырткары тасмаларга продюсерлик кылып, актёрлук менен да алектенет. "Салам, Бишкек!" аттуу тасманын продюсери болсо, "Салам, Бишкек!-2" тасмасында роль жаратканга үлгүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан