Бишкек ЖЭБинде авария болуп, үч адам жабыркады

Бишкекте 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, учурда ЖЭБдин кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иш алып барууда.

"Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Ал эми керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.

Бирок шаардын жылуулук режимин сактоо максатында ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан