"Дубайда яхтада тостум". Ырчы Самат Дөөлөтбаков 40 жашка толду

Бүгүн, 3-февралда ырчы Самат Дөөлөтбаков 40 жашка толду. Аны куттуктап байланышканыбызда өздүк майрамын чет өлкөдө тосконун айтты.

"Туулган күнүм Дубайда башталды. Алгач үй-бүлөм, келинчегим, балдарым, андан соң досторум куттукташты. Өздүк майрамымды яхтада тостум. Азыр Бишкекке учканы жатабыз. Дубайга саякаттоо үчүн келгенбиз, 10 күндөн ашык жүрүп, 4 өлкөнү кыдырдык", - дейт ырчы.

Самат Дөөлөтбаков Токмок шаарында төрөлгөн. Ырчы Токмоктогу түрк лицейин бүтүргөн соң 2001-жылы Бишкектеги Эл аралык университетине тапшырган. Ошол кездеги эл аралык компьютер тармактары факультетин, андан соң ушул эле окуу жайдын эл аралык бизнес бөлүмүн бүтүргөн. Ал "Жалгызым", "Сени издейм", "Көздөрүң", "Гүл" аттуу ырлары менен элге таанылган. Учурда ырчы ишкерлик менен да алектенет.

"Былтыр беш жаңы чыгарма чыгардым. Жылдын башында эле "Кечир мени", "Welcome бизге махабат" жана "Ну и пусть" ырынын ремикс варианты чыкты. Кийин "Жалгызым" жана "Сени издейм" деген ырлардын акустикалык версияларын чыгардым. Жакында эле ырчы Нурбек Савитахунов менен орусча ыр жаздырганбыз. Аркы жума чыгып калат", - деди Дөөлөтбаков.

Ошондой эле ал бул жылы орус жана англис тилиндеги ырларга басым жасап, жаңы эмгектерди жаратарын айтты.

Самат Дөөлөтбаков жубайы Аида менен 2007-жылы баш кошуп, учурда 1 кыз 2 уулду тарбиялап келишет.

3-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан