Ырчы Кыздаркан Келдибекова каза болду

Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Кыздаркан Келдибекова каза болду. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына маркумдун жакыны Самара Сабирова тастыктады.

Анын айтымында, 1 жыл мурда ырчынын жүрөгүнө операция жасалган, ошондон улам абалы начарлап кеткен. Маркум акыркы 3 күн Ош облустук ооруканасында комада жаткан.

Ырчынын артында бир кызы калды. Маркум бүгүн, 5-февралда Өзгөн районунун Кароол айылында жерге берилет.

Кыздаркан Келдибекова 1986-жылы Өзгөн районундагы Жылалды айылында төрөлгөн. Ал элге "Сүйүү жазы", "Ак тилек", "Телефон чалып тур" жана башка ырлары менен таанылган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан