Австрияда ТИМдин 80 жылдыгына арналган кыргыз маданият кечеси өттү (фото)

2-февралда Вена шаарында Кыргызстандын Австриядагы элчилиги кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте "Руханий мурас – мезгил байланышы" аттуу кыргыз маданиятынын концерттик кечесин уюштурду.

Элчиликтен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналды.

"Маданият кечесине Австриянын мамлекеттик мекемелеринин, БУУнун, ЕККУнун жана Венадагы башка эл аралык уюмдардын расмий өкүлдөрү, чет өлкөлүк элчиликтердин жана туруктуу өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз-Австрия достук коомунун мүчөлөрү, Австриядагы биздин мекендештер катышты.

Элчи Толенды Макеев куттуктоо сөзүн сүйлөп, Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Австрияда кыргыз маданиятын таанытуу жана жайылтуу үчүн Кыргызстандан келген өнөрпоздорго ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Концертте классикалык опералардын ариялары, кыргыз ырлары, фольклордук чыгармалар жана ар кандай кыргыз эл аспаптарынын күүлөрү жаңырды.

Кеченин жыйынтыгында кийизден жасалган кийимдердин модасы көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан