Ырчы Самат Жетигенов жана блогер Жика Садыр кызы гендер пати уюштуруп, уулдуу болорун билдиришти. Бул тууралуу түгөйлөр өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчасына "Альхамдулиллах! Баарыңыздардын куттуктооңуздарды күтөбүз" деп жазып, видео жүктөштү.
Мындан соң тасманын алдына соцтармактын колдонучуулары жубайынын аман-эсен көз жарып алуусун, ымыркай ден соолукта жарыкка келүүсүн каалаган билдирүүлөрдү калтырышкан. Ал эми жакын достору алар уулду болууну самап жүрүшкөнүн айтып, артынан көп уулду ээрчите келген бала болууну каалашты.
Эске салсак, Самат Жетигенов менен Жика Садыр кызы 2015-жылы баш кошушкан. Учурда түгөйлөр үч зирек кыздын ата-энеси.