"Кош келдиң, уулум!". Ырчы Жони ата статусуна ээ болду

“D-Billions” чыгармачыл тобунун мүчөсү, ырчы Жаныбек Жеңишбеков (Жони) уулдуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жубайы, өзү жана уулу үчөө түшкөн сүрөттү жүктөп, сүйүнчүлөдү.

Анда ырчы жубайы сонун адам экенин жана ал аны жакшы көрөрүн айтып ыраазычылыгын билдирген.

"Сүйүнчү! Биз ата-эне болдук. Кош келдиң, уулум! Мен сени жакшы көрөм Айжан Нурланбековна, сен мыкты адамсың!", - деп жазган ал.

Бул посттун алдына белгилүүлөрдүн баары алгачкы жолу ата-эне статусуна ээ болгон жубайларды куттукташып, "Бешик боо бекем болсун! Өмүрү узун, ден соолугу чың, ыймандуу, күйүмдүү мырзалардан болсун!" деген жылуу билдирүүлөрдү калтырышты.

Эске салсак, Жаныбек Жеңишбеков менен Айжан Нурланбекова 2020-жылы бир башын эки кылып, чыгармачылыктагы таттуу түгөйлөрдүн катарын толукташкан. Алар былтыр декабрь айында гендер пати уюштуруп, соцтармактын колдонуучуларына уулду болорун жарыялашкан эле. Бул жубайлардын тун баласы болгондуктан патиге бир топ чыгармачыл достору келип, ымыркай дүйнөгө дени сак келип алуусун каалап, кубанычын тең бөлүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан