Жолдошбек Жанжигит уулу Бишкек шаардык драма театрынын директору болуп дайындалды

Актёр Жолдошбек Жанжигит уулу Бишкек шаардык Арсен Умуралиев атындагы драма театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу театрдан билдиришти.
Жаңы жетекчи 6-февралда жалпы жамаатка тааныштырылды. Жолугушууда театрдын репертуардык саясаты, чыгармачылык ишмердүүлүктүн багыттары, долбоорлор талкууланды”, - деп айтылат маалыматта.
Жолдошбек Жанжигит уулу эмгек жолун 2001-жылы "Учур" театрында актёр болуп баштаган. 2011-жылдан бери Кыргыз-түрк "Манас" университетинде ага окутуучу. 2020-жылы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын директору болуп иштеген. Соңку жылдары Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгында иштеп келген.
Жолдошбек Жанжигит уулу 1980-жылы 12-майда Кемин районунун Тегирменти айылында туулган. Үй-бүлөлүү, эки эркек, бир кыздын атасы. Жубайы Анара Ажыканова "Учур" театрында актриса.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан