Бишкекте Иран музыканттарынын аткаруусунда классикалык музыка концерти өтөт

12-февралда Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы маданий өкүлчүлүк тарабынан Маданият жаатындагы кызматташтыктын алкагында Бишкекте Иран музыканттарынын аткаруусунда классикалык вокал жана фортепиано концерти өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, программага КМШ өлкөлөрүнүн ар кыл фестивалдарында концерт берип келген ирандык белгилүү музыканттар Али Давуди (вокал) жана Гүлнаре Асадинин (фортепиано) мыкты ырлары жана обондору кирди. Жубайлар репертуарынан перс, орус жана башка тилдердеги тандалган чыгармаларды жергиликтүү көрүүчүлөргө тартуулашат.

"Концерт 12-февралда саат 18:30да А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында өтөт. Кирүү акысыз",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан