Бишкекте интимдик жай уюштурган шектүү жаран кармалды

Бишкекте сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшкөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-январда болжол менен саат 23:30 чамасында милицияга Фатьянов көчөсүндө сойкунана уюштурулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барышканда кыздар интимдик кызмат көрсөтүп келген жай экени тастыкталган.

Тергөө учурунда кыздар "Б" аттуу бала сойкулук жасаганга шарт түзүп, андан түшкөн акчанын 50 пайызын өзүнө алып турганын айтышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1993-жылы туулган Ө.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш ишин тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан