Бишкекте уурулукка шектелип кыз киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 19-ноябрда милицияга А.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 16-ноябрда автоунаа жуучу жайлардын биринде 61 миң сом жана 410 доллар салынган капчыгын уурдатканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1995-жылы туулган жаран К.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.