Тоң районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, февраль айынын башында Бөкөнбаев айылынын үч тургуну Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Алар бейтааныш адам Кажы-Сайдан жер тилкелерин сатам деп жалпы 970 миң сом акча алып, кийин из жашырып кеткендигин айтышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Каракол шаарынын 51 жаштагы тургуну Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.
"Шектүүнүн алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0501-351-020, 0701-065-102, 03947-91-3-42 телефондору аркылуу, же болбосо Тоң РИИБдин тергөө кызматына кайрылууну суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.