Милиция эскертүү бергенине карабай... Бишкекте жубайына зомбулук көрсөткөн жаран кармалды

Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулук жасаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен билдирди.

Маалыматка караганда, 6-февралда милицияга М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал жолдошу ур-токмокко алып, зомбулук көрсөтүп келгенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине (Уруп-сабап кыйноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1974-жылы туулган К.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Жогорудагы шектүүгө милиция тарабынан бир нече жолу эскертүү берилип келген. Ал райондук сотко жеткирилип административдик чаралар көрүлгөнүнө карабастан жубайына карата зомбулук көрсөтүүнү уланткан", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

09.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан