Чүйдө укук коргоо органынын кызматкеринен 1 миллион сом талап кылган шектүү кармалды

Чүйдө 1 миллион сом пара талап кылууга шектүү 100 миң сом алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдирди.

Маалым болгондой, милицияга А.Э. аттуу жаран Т.А. менен сүйлөшүп алып, укук коргоо органынын кызматкеринен 1 миллион сом талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери 8-февралда шектүү 1986-жылы туулган А.Э. 100 миң сом алып жаткан жеринен кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

09.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан