Ноокен районунда “Айфон” уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБине М.Н. аттуу аял арыз менен кайрылып, былтыр 15-ноябрда Кочкор-Ата шаарындагы үйүндө 15 жаштагы уулу өзүнүн таанышы менен үйдө отуруп, уулу уктап калганда таанышы “Айфон 12 Про” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун байкатпастан уурдап кетип калгандыгын билдирген.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын тургуну 2003-жылы туулган Х.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, 1 айга үй камагына чыгарылган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.