Бишкекте чөнтөк уурулар кармалды

Бишкекте чөнтөк уурулук фактысына шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-февралда милицияга М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү белгисиз адамдар кичи автобустардын биринде жашы жете элек кызынын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 56 миң сом турган iPhone 11 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун уурдап кетишкенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары буга чейин бир нече жолу соттолгон 2004-жылы туулган А.А. жана 2007-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүлөрдөн жабырлануучунун мурда жашыруун уурдалган уюлдук телефону табылып, алынган.

Учурда тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан