Бишкекте алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка караганда, 7-февралда милицияга М.Т. аттуу чет элдик жаран арыз менен кайрылган. Ал былтыр ноябрда Х. аттуу чет элдик жаран эмгек визасын бүткөрүп, өлкөдө ишке орноштурууну убада кылып, андан 2 миң 800 доллар алган. Бирок шектүү убадасына турган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1986-жылы туулган чет элдик жаран Х.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан