Жапаров Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды (фото)

Бүгүн, 9-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Түркиянын негиздөөчүсү жана биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн “Аныткабыр”мавзолейине барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, министрлер кабинетинин башчысы Түркиянын мамлекеттик, саясий жана аскер ишмери Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар коюп, анын элесин эскерди.

Андан соң ардактуу меймандар китебине кол тамгасын калтырып, мавзолейди көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, “Аныткабыр” мавзолейи Мустафа Кемал Ататүрктүн урматына салынган жана ал мамлекеттин коргоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан