Ноокатта такси айдоочуларынан опузалап акча алып жүргөндөр кармалды

Ноокатта такси айдоочуларынан опузалап акча талап кылып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 22-январда Ноокат РИИБине 1983-жылы туулган С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2 жаран Ноокат-Бишкек багытындагы такси кызматын аткаруу үчүн жана унаасын токтотуу жайына коюп туруу үчүн акча талап кылып жатканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап акча талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Ноокат районунун тургуну 1962-жылы туулган О.Ж. атайын белги коюлган 20 миң сомду алып жаткан жеринен кармалган. Андан ары жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында дагы бир шектүү Ош шаарынын жашоочусу 1992-жылы туулган А.у.А. кармалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан