Жалал-Абадда мал уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда облустук милициядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Сузак РИИБине 69 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылган. Ал былтыр 31-декабрга караган түнү болжол менен саат 4:45 чамасында Ленин айыл аймагындагы үйүнүн короосундагы сарайынан 3 баш койлорун уурдатып ийгенин айткан. Натыйжада арыз ээси 41 миң сомдук материалдык зыянга учураган.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургундары 1992-жылы туулган М.Б. жана 1997-жылы туулган Т.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.