Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 27 жаштагы келин өзү жашаган үйдөгү сарайда асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, окуя 6-февралда кечки саат 20:30 чамасында болгон.
Бул факты Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Каза болгон келиндин өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок маркумдун жакын туугандары сөөктү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыктан акт түзүлгөн.
“Азыркы учурда келиндин эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерин аныктоо максатында ыкчам иштер жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.