Кыргызстандагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди  

Президент Садыр Жапаров “Кыргызстандагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Ага ылайык, мыйзамда биржалык аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынууга тийиш эмес, ал эми бажы органдары тарабынан экспертизадан өткөрүү талап кылынбайт деп белгиленген.

Мындан тышкары, мыйзамда кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдөн тышкары, биржалык бүтүмдөр милдеттүү нотариалдык ырасталууга тийиш эмес деп каралган.

Ошондой эле товардык биржанын мүчөлөрүнө товардык биржанын клирингдик борбору аркылуу товарга төлөө боюнча акча каражаттарын кооперациялоо үчүн товар биржасында субэсептерди ачууга укук берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан