"Жиликтеп салган". Чүйдө киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды    

Кара-Балта шаарында бөтөлкөлөшүн өлтүргөнгө шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-февралда саат 19:55 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүндө темир жол тараптагы гараждардын артында белгисиз адамдын бөлүнгөн денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркумдун аты-жөнү такталып, ал Жайыл районунун 1977-жылы туулган Д.Э. экени аныкталган. Ал эми кылмышка шектелип мурда соттолгон Жайыл районунун 1989-жылы туулган С.А. аттуу тургуну кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Окуянын чоо-жайы:

2-январда Д.Э. менен С.А. ичимдик ичип отуруп мушташа кетишкен. Мунун кесепетинен Д.Э. денесинен жаракат алып, каза болуп калган. Шектүү С.А. эки күндөн кийин маркумдун дене мүчөлөрүн бөлүктөргө бөлүп, кароосуз калган гараждардын артына ыргытып салган.

Каза болгон киши 4-январдан бери дайынсыз жоголду деп изделип жаткан.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан