Майлуу-Суунун тургуну белгисиз жагдайда каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелип таанышы кармалды    

Майлуу-Суу шаарында ден соолукка оор залал келтирген деген шек менен 52 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү саат 18:00 чамасында Майлуу-Суу ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургуну телефон чалып, 65 жаштагы жаран белгисиз себептер менен каза болгондугун билдирген.

Бул окуя маалыматтардын электрондук журналына катталып, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында каза болгон жаран белгисиз адамдар тарабынан жаракат алгандыгы белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип Майлуу-Суу шаарынын 1972-жылы туулган Б.З. аттуу тургуну кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген.

Шектүү тергөөдө көрсөтмө берип, каза болгон жаран менен спирт ичимдигин ичип отуруп, ич ара пикир келишпестиктен улам аны уруп койгондугун билдирген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан