Анкарада кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү

Анкара шаарында 9-февралда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач Анкарага расмий сапар менен келген министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз президенттин сарайында салтанаттуу азем менен тосуп алды. Анда атайын ардак кароол тизилди.

Жыйындын күн тартибине экономика, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү жана башка багыттар боюнча кызматташуу маселелери кирген.

Отурумдун тең төрагалары болгон Акылбек Жапаров менен Жевдет Йылмаз эки мамлекеттин ортосунда мамилелерди бекемдөө жана чыңдоо үчүн стратегиялык маанилүү чечимдер кабыл алынган ушул Комиссияны жыл сайын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Анын жыйынтыгы боюнча 62 пунктан турган Комиссиянын жыйынынын протоколуна, Эл аралык унаа жолдору боюнча макулдашууга жана Экспорт тармагында меморандумга кол коюлду.

Иш-чаранын соңунда кабыл алынган чечимдерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында квартал сайын маалымат алмашуу макулдашылды.

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кийинки жыйыны келерки жылы Кыргызстанда өткөрүлө турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан