Ошто 22 жаштагы жаран террористтик уюмдун материалдарын таратууга айыпталып кармалды

Ошто социалдык тармактарда террористтик уюмга таандык материалдарды таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда, өздүгү белгисиз болгон жаран Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынган террористтик уюмга таандык деп шек жараткан материалдарды активдүү түрдө жайылтып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.

Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде жана тийиштүү экспертизанын кортундусуна ылайык, социалдык тармактарга таратылган материалдар өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекстан Ислам Кыймылы” террористтик уюмуна мүнөздүү деп табылган.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну 2001-жылы туулган И. уулу И. кармалып, камакка алынды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан