Балыкчыда айдоочуну сабап, унаасын тартып алууга шектелгендер кармалды

Балыкчы шаарында айдоочуну сабап, унаасын тартып алууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы ШИИБге 29 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 7-февралда саат болжол менен 6:25 чамасында Абдрахманова жана Интернациональный көчөлөрүнүн кесилишинде досу менен БМВ үлгүсүндөгү унаасында отурушкан. Ошол маалда белгисиз жарандар унаанын жанына келишип, алгач унаанын айнектерин сындырып, аларды көчөгө алып чыгып, сабап, андан соң унааны тартып алып, из жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211 (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) жана 280-беренелеринин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Андан тышкары алынган жаракаттын оордугун аныктоо үчүн жабырлануучуларга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын тургундары 22 жаштагы А.Н., 21 жаштагы С.А. жана 19 жаштагы М.А. көпкө узабай кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан