Ноокенде үйгө уурулукка кирүүгө шектелген жаран кармалды

Ноокен районунда уурулук кылууга шектелип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБине 66 жаштагы тургун арыз менен кайрылып, былтыр 28-декабрда Кочкор-Ата шаарындагы үйүнө белгисиз жаран кирип, 22 миң сомдук буюмдарын уурдап кеткенин билдирген.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ноокен районунун Масы айыл аймагынын тургуну 1985-жылы туулган М.М. кармалып, 2 айга тергөө абагына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан