Жалал-Абад шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга калаа тургуну арыз менен кайрылып, 31-январда базардан белгисиз жаран “Самсунг А23” үлгүсүндөгү телефонун чөнтөгүнөн уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 1984-жылы туулган М.Д. Бишкек шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү Жалал-Абад шаарында чөнтөк уурулук менен алектенип, телефондорду уурдап жүргөндүгү аныкталган. Анын буга чейин уурулук беренеси менен сот жообуна тартылгандыгы да маалым болгон.
Учурда тергөө амалдары уланууда.