Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен 12-13-февралда Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышуу үчүн Дубай шаарына иш сапары менен барат. Саммит "Келечектеги өкмөттөрдү түзүү" деген аталышта өтөт.

"Саммиттин ишине глобалдык артыкчылыктарды, тенденцияларды талкуулоо үчүн мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын, дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле ар кыл тармактардагы эл аралык уюмдардын жетекчилеринин жана ийгиликтүү дүйнөлүк лидерлердин катышуусу күтүлүүдө. Адамзатка кызмат кылууда натыйжалуу чечимдерди издөө максатында эл аралык кызматташууга, билим жана алдыңкы тажрыйба алмашууга көмөктөшүү маселелери каралат.

Президент Жапаровдун саммиттин пленардык сессиясында чыгып сөз сүйлөшү, Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландаштырылууда", - деп белгиледи Азымбакиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан