Кыргызстан менен Италиянын укук коргоо тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды

Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев 9-февралда Италиянын ыйгарым укуктуу министри, Ички иштер министринин дипломатиялык кеңешчиси Марко Виллани менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуу маселеси талкууланды.

Базарбаев коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, терроризмге каршы аракеттенүү, миграция, ошондой эле реадмиссия жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун кароону тездетүү өтүнүчүн билдирди. Аларга кол коюу быйыл Италияга боло турган жогорку деңгээлдеги сапарлардын жүрүшүндө күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан