ЕЭК министри Кожошев Индиядагы форумда энергетикадагы евразиялык интеграциянын болочогун айтты

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Индиядагы эл аралык форумга ЕАЭБ менен ЕЭКтин атынан барды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматынан билдирди.

Анда Кожошев энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануудагы кырдаалды, энергияны декарбонизациялоо жана ЕАЭБ алкагында биргелешкен аз көмүртектүү технологияларды киргизүү зарылдыгын белгилеген.
“Энергиянын кайра жаралуучу булактары менен аз эмиссиялуу (атомдук жана суутек) энергияны өнүктүрүү, ошондой эле көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери биздин алдыбызда турган милдеттердин тизмесине киргизилген. Ошол эле учурда ЕАЭБде бул багыттарды ишке ашыруу үчүн бардык өбөлгөлөр бар”, - деди ал.
“Индия энергетикалык жумалыгы — 2024" форуму 6-9-февралда Гоада өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан