Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен аталган оорукананын балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмдөрүндө барышкан.
Министр Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилигине ооруканада жилик чучугун алмаштыруу бөлүмүн уюштуруу боюнча ишти баштоону тапшырган.
"Ал эми Шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая министрдин сунушун колдоп, жилик чучугун трансплантациялоодо негизги болгон өзөк клеткаларын чогултуу үчүн медициналык жабдууларды сатып алууга 150 миң доллар бөлүүнү убада кылды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Бейшеналиев балдар онкологдору жана лаборанттар менен жолугушуу өткөрүп, жилик чучугун трансплантациялоо боюнча окууга чет өлкөгө жөнөтүлө турган 10 адамдан турган топ түзүү тапшырмасын бергени кошумчаланды.
Буга чейин “Ас-Сафа” фонду борбордун аймагында 5 кабаттуу балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүн куруп берген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан