Ата-энесин карылар үйүнө таштап кеткендерди мураскорлуктан ажыратуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев ата-энесин карабай же карылар үйүнө таштап кеткен балдарды мураскорлук укугунан ажыратууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору 9-февралда парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, кеминде беш жыл камкордугуна алып караган баласы биринчи кезекте мураска ээ болот. Мураскер мурас калтыруучуну камкордугуна албаса же карылар үйүнө өткөрүп берсе мурас алуу укугунан ажырайт.
Мындан сырткары, мураска калтыруучунун үйү же башка турак жай имараты, ошондой эле үйдө колдонулган күндөлүк буюмдар мураска калтыруучу менен ал өлгөнгө чейин беш жылдан аз эмес чогуу жашаган жана аны камкордугуна алып караган мураскорго анын кезегине жана мурастык үлүшүнө карабастан өтөт.
Демилгечи депутат мыйзам долбоору эмгекке жарамдуу, жашы жеткен балдарын улгайган ата-энесине камкордук көрүүгө милдеттендирүү жана мурасты адилетүү бөлүштүрүү максатында иштелип чыкканын белгилейт. Ошондой эле мурасты бөлүштүрүүдө мураскорлордун ортосунда жаралышы мүмкүн болгон чыр-чатактардын алдын алуу болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан