Бишкекте адам уурдоого шектелген үч жаран кармалып, алардын шериги изделүүдө

Бишкекте адам уурдоого шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 4-августта Ленин РИИБине Д.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучу өзүн ошол эле күнү кечки саат 19:30 чамасында Асаналиев көчөсүндөгү мейманканалардын биринин жанынан белгисиз адамдар унаага салып кетип, ур-токмокко алышканын айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (Адам уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө биринчилерден болуп 1998-жылы туулган Э.У. аттуу жаран кармалып, №1 тергөө абагына киргизилген. Кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Кармалган шектүүлөрдүн бири У. Р.

Андан соң шектүүлөр 1998-жылы туулган А.А., 1999-жылы туулган У.Р. жана 2000-жылы туулган С.Б.нын жайгашкан жерин аныктоого жана кармоого мүмкүн эмес болгондуктан издөө жарыяланган.

Октябрь айында издөөдө жүргөн А.А. менен У.Р. кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Учурда издөөгө алынган акыркы шектүү С.Б.ны кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан