"Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов апрелге чейин камакта калтырылды

"Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов 4-апрелге чейин абакта калтырылды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунан ырастады.
Мындай токтомду борбор калаанын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы чыгарган.
"Сотко УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси Салимовду 4-апрелге чейин абакта калтырууну суранып, кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча арыз менен кайрылган. Сот өтүнүчтү канааттандырды", - деп билдиришти мекемеден.
Эскерте кетсек, Турсунтай Салимов былтыр 8-октябрда кармалган. Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп алып, ишкерликтеги атаандаштарын коркутуп келген деп шектелүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан