Журналист Эрмек Аттокуров үй камагына чыкты

Журналист Эрмек Аттокуров үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасы 10-февралда Свердлов райондук сотунда каралган. Журналистке 28-февралга чейин Бишкек шаарынан жана Сокулук районунан сыртка чыгууга чектөө коюлду.

"Азаттык" сайты Аттокуровдун жакындарына таянып, ал мамлекеттик адвокатка ишенбестик көрсөтүп, баш тартканын жазды. Өзү жактоочу алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан сот ошол эле адвокат менен ишти кароону уланткан. Отурумда журналист өзүнө коюлган айыптарды толук четке каккан.

Чүй облустук милициясы 9-февралда Аттокуровду 1 миллион сом пара талап кылып, анын 100 миң сомун алып жатканда кармалганын билдирген.

Журналист өзү ага чейин 7-февралда Фейсбуктагы баракчасына “ага каршы Чүй облустук жана Сокулук райондук милициясы чагымчыл иштерди даярдап жатканын” жазган.

Эрмек Аттокуров соңку жылдары өлкөдөгү “Бешинчи канал”, "НТС" баштаган бир катар жергиликтүү медиаларда эмгектенип келген. Кесиптештеринин маалыматына караганда, ал 2020-жылдан кийин өз алдынча иштеп жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан