Өзгөн районунда дайынсыз болуп жаткан кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чаралардын негизинде дайынсыз жоголгон Малика Эргашбаева Ноокат районунда жүргөн жери аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, 2023-жылдын 19-декабрь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөн районунун 50 жаштагы М.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 2023-жылдын 13-декабрь күнү кызы 2005-жылы туулган Эргашбаева Малика Бахтиёржановна үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар каттоого алынып, издөө иштери жүрүп жаткан.