Өлкөнүн аймагында акыркы сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 1, Ошто – 1, Ош облусунда – 2, Чүй облусунда – 3 жана Жалал-Абадда – 4 тилсиз жоо катталган. Аларды өчүрүүгө жалпы 15 күжүрмөн эсеп тартылган.
Куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.