Кара-Сууда дүкөндөргө кирип уурулук кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-январда милицияга Савай айыл аймагынын тургуну 1963-жылы туулган А.А. арыз менен кайрылган. Ал 12-январга караган түнү азык-түлүк саткан дүкөнүнө белгисиз адамдар кирип, 1 даана ККМ аппаратын жана 14 миң 900 сомдук азык-түлүктөрүн уурдап кетишкендигин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1981-жылы туулган М.А. жана Кара-Суу шаарынын тургуну 2009-жылы туулган А.Б. кармалышып, камакка алынышкан.
"Тергөө учурунда алар дагы башка 2 дүкөнгө киришип, уюлдук телефондорду жана азык-түлүктөрдү уурдап кетишкендиги аныкталган. Жарандарга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 52 миң сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары уланууда.