Ысык-Көлдө мурда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-февралда милиция кызматкерлери Ысык-Көл облусунун аймагынан мурда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча издөөдө жүргөн Н.Д. аттуу жаранды кармашкан.
Издөөдө жүргөн шектүү жүзүн таануу системасы бар видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.
Белгилей кетсек, шектүү Баткен облусунун Кадамжай РИИБи тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн.