Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган факты аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК ал Камчы Көлбаевге Чолпон-Ата шаарындагы баасы 10 миллион сомдон ашык жер тилкесин берүүгө тиешеси бар экенин билдирди.
"Көлбаевге Чолпон-Ата шаарындагы 10 миллион сомдон ашык жер тилкесин берүүгө тиешеси бар, Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Аталган И.Б.Ш.нын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылары да табылды", - деп билдиришти УКМКдан.
Соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. 1 айга камакка алынды.
Белгилей кетсек, ушундай эле кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району боюнча "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын филиалынын адиси М.Т.Б. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.