Бишкекте банктык картадан акча уурдаган адам кармалды. Шектүү издөөдө жүргөн

Бишкекте банк карталарынан акча уурдоого шектелип, издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-январда Свердлов РИИБге М.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал окуя 18-январда саат 13:40 чамасында шаардагы гипермаркеттердин биринде болгонун айткан. Арыз ээси мурда утуп алган акчасын терминал аркылуу чыгарып жатканда белгисиз адамдар анын жеке эсебин аңдып, кийинчерээк эсептеги 23 миң сомун уурдап кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2003-жылы туулган Д.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө учурунда шектүү Ош ОИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, издөөгө алынганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан