"Ит менен тинтүү жүргүзгөн". Жалал-Абадда 2 жарандан баңгизат табылды

Базар-Коргондо баңгизат менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 5-февралда милиция кызматкерлери Базар-Коргон районунун аймагында М. аттуу жаран баңгизат каражаттарын мыйзамсыз колдонуп, даярдап жана сатуу максатында кардар издеп жүргөндүгү тууралуу маалымат алышкан.
Аталган маалымат Базар-Коргон РИИБ тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Сейдикум айыл аймагынын тургуну И.М. кармалып, кароо учурунда анын жанынан гашиш баңгизатына окшогон зат табылып алынган. Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык алынган 10,52 грамм гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.
Андан кийин И.М.нын үйүнө облустук милициянын кинология борборунун Линда аттуу ити менен тинтүү жүргүзүлүп, 16,60 грамм гашиш баңгизаты табылып алынган.
"Ал эми 8-февралда саат 16:00 чамасында И.М. менен байланышы болгон А.А. аттуу жаранга тинтүү жүргүзүлүп, андан өзгөчө кескин жыты бар жашыл түстөгү заттар табылып алынган. Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык 23 грамм марихуана баңгизаты экендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча өзүнчө материал бөлүнүп алынып, кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын тургуну 1974-жылы туулган И.М. жана Базар-Коргон шаарынын тургуну 1996-жылы туулган А.А. Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан