Ысык-Көлдө тургун пляждын кумдарын башка жакка ташыган. Милиция териштирүүнү баштады

Ысык-Көл облусунун Тосор айылындагы пансионаттын пляжындагы кумду башка жакка ташыган адам аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, Тосор айылынын 68 жаштагы тургуну У.М. тиешелүү уруксат кагаздары жок, Тосор айылына жакын жайгашкан «Руха» пансионатынын пляжынан башка жакка кумду ташып кеткен. Ошондой эле, Тосор менен Тамга айылдарынын ортосундагы болжол менен 5 сотых жерде жер кыртышын бузуп, казып салганы аныкталган.
Мындан тышкары, Тосор айылына жакын жайгашкан «Тихая-Бухта» участкасынын жанындагы көл жээгинде пляж уюштуруу үчүн бак-дарактарды, камыштарды атайын техника менен сүрдүрүп, андан кийин аталган жерге кумду ташып келген.
Аталган фактылар Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
Келтирилген материалдык чыгымды аныктоо үчүн материалдар Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Алардын корутундусуна ылайык, эки факты боюнча 7 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген. Ал эми, үчүнчү факты боюнча материалдык чыгым аныкталууда.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан