Чүйдө 36 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду

Чүй облусунун Жайыл районунда келин төрөттөн кийин көз жумду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 36 жаштагы келин 10-февралда Жайыл райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө түшкөн. Кечээ, 11-февралда келин көз жарып, андан кийин каза болгон.

Ымыркайдын абалы жакшы. Каза болгон келин Токтогул районунан Чүйгө көчүп келгени маалым болду.

Министрлик бул боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал эми маркумдун сөөгү экспертизага жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан