Футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык оюнунда гол киргизген катарлык футболчу Акрам Афифтин голду майрамдоо учурунда карта менен жасаган фокусу көпчүлүктү таң калтырды.
Ал 22-мүнөттө пенальтиден гол киргизди. Андан кийин ал гетрынан өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн картаны алып чыгып чайкаганда сүрөт өзгөрдү.
Азия Кубогунун финалы 10-февралда Катардагы "Лусаил" стадионунда өттү. Анда Катар Иорданияны 3:1 эсебинде жеңип, катары менен экинчи ирет Азия чемпиону болду.
27 жаштагы Акрам Афиф 2018-жылдан бери Катардын "Аль-Садд" клубунда ойноп келет.