Жалал-Абад: Кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт

Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган үй-бүлөлөргө көчүп чыгуу боюнча эскертүү нускамалар берилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, башкармалыктын район-шаардык бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана жергиликтүү көчүрүү комиссиясынын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кооптуу аймактан биротоло көчүп чыгуу керек экендиги эскертишүүдө.
Белгилей кетсек, 1074 үй-бүлө кооптуу аймакта күнүмдүк тиричилигин улантып келишет, тургундардын басымдуу бөлүгү Сузак районунда жайгашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан