УКМК Караколдогу "Бугу" жана "Макиш" базарларынын жетекчисин кармады

Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан жарандардан түшкөн арыздарды кароонун алкагында өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси Р.А.Т. кармалган.

"Аталган Р.А.Т узак мезгил аралыгында көрсөтүлгөн рыноктордо иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошону менен бирге алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган.

Мындан тышкары, соода жайларын бир эле адамдарга бир нече жолу сатуу фактылары башка ишкерлерге өткөрүп берүү коркунучу менен аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Чогултулган материалдардын негизинде, кылмыш ишинин алкагында Р.А.Т.га таандык турак-жай жана коммерциялык объектилерди кармоо жана тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

УКМК Каракол шаарынын тургундарын жана ишкерлерин кармалган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган болсо УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылуусун өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан