Бишкекте курьер кармалды. Анын жанынан 6 жарым миллион сомдук баңгизат табылды (фото)

Баңгизаттарды таратуучу тармакка бөгөт коюлуп, синтетикалык жол менен чыгарылган ири партия кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

10-февралга караган түнү синтетикалык наркотикалык заттын ири партиясын сатууга аракет кылуу учурунда А.Р.Н. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан салмагы 1 килограмм 110 граммды түзгөн 6 жарым миллион сомдук «мефедрон» заты алынган.

"А.Р.Н. курьер болуп иштеген жана аталган затты түнкү клубдун кардарларына жеткирип турган. Мындан улам ошол эле түнү Бишкек шаарындагы “Хилс”, “Молекула”, “Кипишь”, “Хайв бар” аталышындагы 4 түнкү клубда тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында айрым клубдардан белгисиз жыты бар бир нече таңгактар табылып, аларга экспертиза дайындалды", - деп кошумчалашты УКМКдан.

Маалымат үчүн: акыркы жылдары Бишкек шаарында «Меф», «Соль», «Скорость» сыяктуу психотроптук баңги заттар активдүү тарай баштады. Бул заттар өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна орду толгус зыян келтирүүдө.

Тергөө иш-чараларын жана түшүндүрүү-профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн жогоруда аталган мекемелердин администраторлору, ошондой эле тейлөө кызматкерлери УКМКга алынып келинди. Ал эми жогоруда аты аталган А.Р.Н. аттуу жаран УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан